Голливуд актрисасы Мерил Стриптин жаңы сатып алган хан сарайынын сүрөтү жарыяланды

Жакында белгилүү Голливуд актрисасы Мерил Стрип Калифорниядагы Пасадена шаарынан 3,3 миллион долларга хан сарай сатып алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 1 кабаттуу хан сарайдын сыртында кооз бакча жана бассейн жайгашкан. Аянты 280 чарчы метрди түзгөн үй 1959-жылы салынган. Анын терезесинен Сан-Гейбриел тоолору көрүнүп турат.

Үй япон стилинде салынган: жашыл бак-дарактар менен курчалган имарат, 3 уктоочу, 3 жуунуучу бөлмө, кичинекей иш кабинети жана конок бөлмөдөн турат.

Бөлмөлөрдүн шыптары жыгачтан жасалып, полдордо өтө чоң эмес килемдер орун алган. Шаардын ызы-чуусунан чарчаганда терезеге баш багып, сырттагы кооз айланага көз чаптырып эс алууга чоң өбөлгө түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Medinaa
2017-12-16 23:10:11
Жагат актриса.
+1
KOCMOC
2017-12-17 00:45:32
Дьявол носит Prada).
+1
Aima94
2017-12-17 00:55:43
KOCMOC,мен да ошентип жазайын дегем))) Сонун экен)
+1
Birimdik5555
2017-12-17 01:53:44
Сонун экен уйу,айнектен корунгон тоолору да,баргым келип кетти
+1
fayina
2017-12-17 06:27:59
А мен ушундай уй салгым келип кетти кана эми буйруса!
+4
barakcha
2017-12-17 11:38:38
fayina,тилегинизге жетиниз!
+2
Jumahmatov
2017-12-17 11:42:57
мага моогундай уйдо жашаган болбойт жээндерим келсе 100млн долларга алсан деле баарибир талкалап 100доллардык уй кылып салышат
+3
jbolotov
2017-12-17 11:50:21
Динде бир насаат барго. Адам туболук жашайтургансып тапкан жыйнаганына уй алат, машина алат экенбиз а бирок алкымындан откон нерсе гана инсанга тиешелуу экен(ичкен жегенин)калганы уй булоон байлыгын калаберетурган нерсе. Ушундай акчаларыбыз бизде болсо соопчулук иштерди тынбай кылмакбызго.
+2
meni_kut
2017-12-17 20:38:00
jbolotov,бей бечара болгондон коро жакшы жашап,намазынды окуп жашап отсон болот го
+3
gumigumi1990
2017-12-17 13:04:10
Менин конулумдогу уй экен. Бирок балдарыбыз бир саатта айнектерин талкалайт ко. Сонун уй экен. Ушул актриса аябай жагат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан