Түштүк Америкада жайгашкан Перу өлкөсүнүн президенти Пабло Кучински кызматынан кол жуушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, парламент өлкө башчысына импичмент жарыялоо боюнча резолюциянын долбоорун кабыл алган.
"Президентти ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселесин депутаттар 5 саат карап, 111 депутаттын 93ү ага "макул" деп добуш беришкен. Эми президент Кучинскинин тагдырын 21-декабрда конгресс жыйыны чечет. Импичментти улантуу үчүн бул ирет "макул" деп 87 депутат добуш бериши шарт", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, өлкө башчысын кызматтан кетирүү маселеси, Кучинскинин коррупциялык схемаларга байланышы бар деген маалыматтар пайда болгондон кийин демилгеленген. Буга чейин Кучинскиге таандык компания
Бразилиядагы курулуш компаниясынан акча алган деген маалыматтар тараган.
Эгер президент Кучински кызматтан кетсе анын милдетин аткаруучу болуп биринчи вице-президент Мартин Альберто Корнехо келет.