Франциянын Лион шаарында өткөн аукцион учурунда Сибирден келген мамонттун сөөгү 548 миң еврого сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, анын бийиктиги 3 метр, туурасынын узундугу 5 метрди түзөт. Аны сатып алган Франциядагы "Soprema" компаниясынын жетекчиси болгон. Себеби аталган компаниянын логотибинде мамонттун сүрөтү түшүрүлгөн.
"Бул мамонт биздин фирманын кире беришинен орун алат", - деген ал.
Белгилей кетсек, мамонттор болжол менен мындан 1,6 миллион жыл мурда пайда болуп, 10-15 миң жыл мурун жоголо башташкан.