3-июнда Чүй ОИИБинин кызматкерлери Аламүдүн районунун Октябрь айылында жашаган 57 жаштагы Рамазан Г. аттуу адамды “баңгизатты мыйзамсыз түрдө сактап, сатып жана таратып жүргөн” деп айыптап колго түшүрүштү. Аталган жарандын короосундагы сарайды тинтүүгө алганда, 956 грамм баңгизат табылды. Ал каражат химиялык экспертизадан өткөрүлүп апийим экени аныкталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.