Франциялык Франсуа Габар өзү жалгыз яхта менен жер жүзүн 42 күн 16 саатта кыдырып, дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Габар жер жүзүн кыдырууга 4-ноябрда чыгып, кайра 17-декабрга караган түнү саат 02:45те кайтып келген. Ал буга чейин 49 күн 3 саат менен рекорд койгон атаандашы Томас Ковиллдин рекордун басып өткөн.
Айта кетсек, жалгыз адамга ылайыкташкан Macif яхтасы мындан 18 ай мурун курулган. Габар өзү инженер болгондуктан, аны куруу иштерине активдүү катышкан. Ал 13 тонна салмак менен башка яхталардан 2 тоннага жеңил түзүлгөн.