Кореянын чалгындоо кызматы "Bithumb" атындагы криптовалюта биржасына хакердик чабуул болгонун айтып, ага Түндүк Кореянын хакерлерин айыптап жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Булактардын маалыматы боюнча хакердик чабуулдан "Bithumb" биржасындагы 30 миң колдонуучунун маалыматтары уурдалган.
Айрымдар "Bithumb" биржасына чабуул 2017-жылдын февраль айында жасалганын, бирок июнь айында гана белгилүү болгонун жазышты. Анын кесепетинен уурдалган биткоиндердин суммасы 80 миллион долларга жеткен.
Ал эми 10-октябрда түндүк кореялык хакерлер ири көлөмдөгү аскердик сыр катылган документтерди уурдашкан. Анын ичинде Корея менен АКШнын аскердик иш аракеттеринин планы болгон. Коргонуу боюнча биргелешкен сыр маалыматтарды сактоо борборуна жасалган чабуулда 5015 жана 3100 операциялык планы уурдалган.
Биринчи документтерде Түндүк Кореяга карата согуш баштала турган болсо, АКШ жана Кореянын иш аракеттеринин ар бир кадамы, иш-чаралары бекитилген биргелешкен аскердик инструкция болгон. Анын ичинде Түндүк Кореянын бийлигин жок кылуу планы да киргизилген. Ал эми экинчи документте Пхеньяндын жергиликтүү чагым аракеттерине Сеулдун жасай турган жоопторунун жол жоболору камтылган.
Белгилей кетсек, "Bithumb" - бул Түштүк Кореянын соода дүйнөсүндөгү эң көп колдонуучусу бар биржа. Ал эми криптовалюта - бул бүгүнкү тил менен айтканда электрондук каражат.
Учурда криптовалюталардын эң баалуусу – бул биткоин. Биткоиндин ишин 2012-жылдан тарта «Bitcoin Foundation» америкалык компаниясы жүргүзүп келет.