Индияда роботтор тейлеген тамактануучу жай ачылды

Индиянын Ченнаи шаарындагы тамактануучу жайлардын биринде робот тейлөөчүлөр эмгектенишет. Алардын баары бири-бирине окшош. Болгону моюндарына тагылган жоолуктардын түстөрү менен гана айырмалоого болот. Мурда бул жер кадимки ашканалардан айырмаланчу эмес. Бирок тамактануучу жайдын ээлери кардарларды көбөйтүүнү көздөп, ушундай ыкманы тандап алган. Учурда чынында эле кардарлардын саны мурункуга караганда бир топко өскөн. Алардын баары роботтордун тейлөөсүнө ыраазы.

"Биз тамактарды мынчалык бат алып келишет деп ойлогон эмеспиз. Абдан ыраазыбыз. Албетте, жаңы нерселер баарына жагат", - дешкен кардарлар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kansulu
2017-12-18 03:52:28
Эми барып барып официанттар болбой калат окшойт
+5
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-18 08:26:54
Ушуларды жон эле койушпады да
-1
tttalant
2017-12-18 09:56:23
Техника элеп бутотго дуйнону адамдарга иш жок коп жылдандардан кийин....
+4
Jelezo
2017-12-18 11:07:01
Кыргызстанда сотторду робот менен алмаштыруу керек
+1
adimyrza
2017-12-18 11:12:59
Келечекте ушул роботтор адамдарга каршы уруш ачат
-1
tasnim
2017-12-18 11:36:22
adimyrza,ким айтты
0
altyn87
2017-12-18 16:54:06
tasnim,
Кинодон көргөн го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан