Европанын эң улгайган жашоочусу көз жумду

Европанын эң улгайган жашоочусу Ана Вела 116 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Европанын эң улгайган жашоочусу Барселонанын карылар үйүнүн биринде көз жумган.

“Ал кыйналбай, уктап жатып эле каза болду", - деп билдиришкен аталган үйдө иштегендер.

Ана Вела 1901-жыл октябрда туулган. Кесиби тигүүчү болгон. Ал өмүрүндө катуу ооруганын айтып, дарыгерге көп кайрылган эмес. Акыркы жылдары ал Испанияда узак жашоонун символуна айланган. Анын кыздарынын улуусу 90го, ал эми небереси 65ке чыккан.

Планетанын эң улгайган жашоочусу деген наам ага италиялык 117 жаштагы Эмма Морано каза болгондон соң берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tttalant
2017-12-18 08:07:46
Узун омур бизгеда берсин ушулардын катарында магада.....
+12
tttalant
2017-12-18 08:08:03
Кудайым
+7
datkayimjan
2017-12-18 09:53:46
Эмнеден олуптур деп койсон ээ)))
+7
Azatbek83
2017-12-18 14:06:20
Карылар уйуно берип койгондору жакпайт оздору да ошол жакта болушат
+1
nurperi8981
2017-12-18 16:39:13
Кыргызстанда 130га чыккан апа бар деп уктум недавно
+2
anandi
2017-12-18 23:19:49
биз да узааак жашайлы кудайым берген омурду азпы,коппу ыйманыбыз мн бироонун кичинекей"конулун"оорутпай жашап отолу мусулман бир туугандарым...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан