Англиялык ырчы Робби Уильямска Өзбекстанда чапан жабышты

Атактуу британиялык ырчы Робби Уильямска Ташкентте өтүп жаткан концерт учурунда уюштуруучулар өзбек чапанын кийгизишти. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта ылайык, Робби Уильямстын Ташкенттеги концертин өзбек тектүү орус олигархы Алишер Усманов уюштурган. Уильямс сахнада чыгармаларынын бирин аткарып жаткан маалда уюштуруучулар чыгып, ага улуттук чапанын кийгизишкен. Бул көрүнүш узакка созулган кол чабуулар менен коштолгон.

Ошондой эле Уильямстын концерти Усмановдун өзбек калкына жана борборуна жаңы жылдык белеги болгону белгилүү болгон.

Концертке кирүү билетинин баасы 180-245 долларды, башкача айтканда, 12 000-17 000 сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2017-12-18 11:24:56
Озуно бек туугандар пиардын атасы да.
0
Azatbek83
2017-12-18 14:02:32
rysik79,алар бири бирине тууган сага тууган эмес!!!
+6
Azatbek83
2017-12-18 14:01:12
Робби Уильямстын дадаси же онаси озбек болгон деп тарыхына жазып алышсын эми Темурланды озбек баатыры кылып алгандай кылышса да тан калбайсын!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан