Муаммар Каддафинин уулу Сейф аль-Ислам Ливиянын президенттигине ат салышат

Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин уулу Сейф аль-Ислам өзүнүн талапкерлигин президенттикке көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал 6 жыл мурун "Абу Бакр ас-Сиддик" куралдуу тобу тарабынан камакка алынып, быйыл июнь айынын башында Ливия парламентинин жалпы мунапысына ылайык эркиндикке чыкканы кабарланган.

Ливияда президенттик шайлоо 2018-жылдын орто ченинде өтөт. Каддафилердин үй-бүлөсүнүн өкүлү билдиргендей, Сейф аль-Ислам Каддафи өзүнүн даярдап чыккан программасын жакын күндөрдө элге тартуулайт. Программада Ливиянын стабилдүүлүккө алып келүүнүн жол жоболору камтылган.

Буга чейин Сейф аль-Ислам Ливияда саясий ишмердигин баштаганын Каддафилердин үй-бүлөсүнүн жактоочусу жарыялаган.

Белгилей кетсек, 2011-жылдын 20-октябрында Ливиянын мурдагы өлкө башчысы, Муаммар Каддафи өткөөл улуттук кеңештин күчтөрү тарабынан колго түшүрүлүп, өлтүрүлгөн. Каддафи 1969-жылдан 2011-жылга чейин өлкөнүн башында турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jelezo
2017-12-18 11:21:13
Кадафидей президентке Ливиялыктар зар болот
+15
Best.bakyt
2017-12-18 12:18:13
Убагында Муаммар Каддафинин баркын билишпеди эле Ливиялыктар. Эми зар болуп отурушат го Муаммардын убагындагы кой устуно торгой жумурткалаган жыргал жашоого.
+6
Juni1
2017-12-18 13:38:04
Накта эркекче иш алып барган президент болгон! Бензиндин баасы суудан арзан болгон
+6
Zynk.kg
2017-12-18 23:04:41
Каддафидей башчы келер бекен бизгеда мамлекеттин кызыкчылыгы учун жанын Берген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан