Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин Түз эфиринде ырчы Омар конокто болот

Омар жубайы Диана мененБири-бирине удаалаш кош жакшылыктар жашоосунан орун алган ырчы мырза Омар SUPER.KG порталынын кезектеги коногу болот. Ал Казакстандын Алматы шаарында болуп өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагына Кыргыздын атынан катышып 1-орунга ээ болуп, жалпы күйөрмандарына кубаныч тартуулады. Ал эми 2-декабрда ал Диана аттуу бийкечке баш кошуп, жакындары менен жакшылыгын белгилеген.

Омар 2008-жылы «Жаӊы толкун» эл аралык сынагында Алла Пугачёванын колунан «Алтын жылдыз» сыйлыгын алып, ырчы катары калыӊ элдин назарына түшкөн. 2011-жылы «Жылдын супер ырчы мырзасы» наамын алган.

Өзгөчө хитке айланган "Кош жүрөк", "Кыргызстаным", "Жан тумарым" аттуу ырлары анын күйөрмандарынын санынын өсүшүнө жана кыргыз шоу-бизнес чөйрөсүндө өз ордун табууга өбөлгө болду.

Омар эски ырларды жаңы өңүттө ырдап чыгуу жагынан да мыктылыгын "Энекем", "Булбулум", "Күлгүн жаш" жана башка ырларды аткарып далилдей алды.

Ал тынымсыз аракеттин үстүндө жүрүп, 2009-жылы англис тилин тереңдеп үйрөнүү максатында АКШга кеткен. Ал жактан кайткандан кийин кайрадан чыгармачылыкка кызуу киришкен.

Ырчы мырза 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Өзүнөн улуу бир эжеси бар. Анын улуу агасы кичинекей чагында чарчап калгандыктан чоң атасы Омар төрөлгөндө өмүрү узун болсун деген тилек менен Өмүрбек деген ысым ыйгарган. Ырчы катары Омар деп таанылганы менен үй-бүлөсү, жакындары аны азан чакырылып коюлган атынан аташат.

Омар апасы жана эжеси менен

2015-жылы 27-июль күнү Омар Талас шаарынан алдамчылыкка шектүү катары кармалган. Көп өтпөй ага карата козголгон кылмыш иши токтотулган. Ырчы мырза "Супер-Инфого" берген маегинде адамдарга жасаган жакшылыгы далысына бычак болуп сайылганын айткан. Ошондой эле ал бул жалаадан кийин турмуштан чоң сабак алгандыгын кошумчалаган.

Тынымсыз изденүүнүн үстүндө жүрүп, башкалардан өзгөчө ыр, клиптерди жаратып келген Омардын соңку жеңиши, үй-бүлөсү, кыргыз маданиятына болгон көз карашы, чыгармачылык жолу, келечек пландары тууралуу сиз кызыккан суроолор болсо мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз.

Сиздин суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ырчы мырза суроолорго бүгүн, 20-декабрда саат 15:00дөн баштап түз эфир учурунда жооп берет. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.

20-декабрда SUPER.KG'нин түз эфиринде Омар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
love.me.again
2017-12-18 20:56:17
Адим Айжан акылбековадан алгылачы
0
Asel1Aikol
2017-12-18 23:24:27
Омар байке Азаматсыз жеңиш кут болсун!Куш боонуз да бек болсун!
Кармашкан колунуздар эч качан ажырабасын.Беш кол тен эмес ар бир адам өз оюн өзү каалагандай жазганга да укугу бар анча мынча адамдардын мааниси жок комментарий жана суроолоруна маани бербениз!Кудайым сизге эки дүйнө бактылуулукту берсин!Сизди сыйлаган инсандар көп экенин унутпаныз!Сизге суроо Омар байке 2017жылдын аягында сизди жакшы нерселер коштоду уйлондунуз жеңишке жеттиниз'' айтсаныз женебиз женишти куттуктап э
+1
Asel1Aikol
2017-12-18 23:27:29
Женишти куттуктап женебиз эмне белек берди☺☺☺
+2
Gulirka.95
2017-12-19 01:17:41
Omar baike sizdi kancha kuttum. Akyry kutturup keliptirsiz da.Siz myktysyz. Sizdi syilaim. Baktyluu bolunuz.
0
admin_superstan
2017-12-19 09:54:36
love.me.again, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
arsen-samanchin
2017-12-19 11:52:42
Саламатсызбы, Омар. Чектен ашып мамиле кылган күйөрман кыздарыңыздын кылыктарын эстеп айтып берсеңиз? Күйөрмандар менен ырчылардын ортосунда кызыктуу учурлар көп болсо керек. Экинчи суроом - кандай девиз менен жашайсыз?
0
zahira
2017-12-20 10:16:36
Менимче бауырдастар тарткан жок, калыстар оздору баа коюп атышты, мен ойлогом Малика женсе керек деп анын да тембри аябай кучтуу эле, баалары да жогору болчу, казак хит ырларын ырдоодо Малика ырдабай коюп артта калып кетти. Бирок , Омар татыктуу болду женишке уну да сонун.
0
asia_92
2017-12-20 10:38:51
Саламатсызбы Жениш кут болсун.
Суроо
1...Жашоодо эмнени озгортмоксуз?
2..Ар бир адамдын жакын досу болот. Сиздин жакын досунуз?
3..Кайсы окуу жайды бутконсуз? Кесибиниз эмне? Ырчы болбогондо кайсы кесиптин эси болот элениз?
0
janduino
2017-12-20 10:46:07
Жубайынызды көп издединиз,мырза үчүн үй-бүлөдө эн негизги нерсе эмгне деп ойлойсуз?Бактылуу болунуздар,эки дүйнө бирге болунүздар!
0
baktyluuluk
2017-12-20 11:05:05
Саламатсынбы Омурбек.Чыгармачылыгына ийгилик,уй булоно бакыт тилейм.Тээ бала чагындагы кайсыл учурларды жылмайуу менен коп эстейсин?
0
Dashi
2017-12-20 15:01:24
Ата энениз чогуу жашабайт деп укканбыз.атаныз менен мамилениз кандай.фасол окуясынан кийин динге кобуроок берилип кеткенинизди байкадык...
0
KARMEN
2017-12-20 15:02:38
Омар сага чыгармачылык ийгилик.
Жубайындын башка эркектер менен кол берип учурашуусуна кандай карайсын?
0
Shokoladka94
2017-12-20 15:09:35
Саламатсызбы? Бардык жакшылыктарыныз Кут болсун! Женебиздин кайсы тамагын суйуп жейсиз? Келбетиниздерде окшоштук бардай, мунозунуздор окшошобу?
0
Tattybubu93
2017-12-20 15:30:21
Салам Омар жениш кут болсун сизди ото сыйлабыз. 1. Биринчи болуп женишиниз мн ким куттуктады. 2. Сынакта сиздин 1- место алышынызды кайсы убакта сезип биле баштадыныз .3 Сиз жонундо жакшы создор коп айтылат бирок сизге сын айтып андай-тигиндей бол деп ким тузоп турат 4
0
asiia03
2017-12-20 15:33:54
Super info jamaatyna salam. Omar kandaisyn , uilonupsun baktyluu bol. Sen kyrgyz eli syimyktanchu jigitterdensin, ozundu alyp jurushun, munozun . Kyrgyz jigitteri ulgu alsa bolot senden.Senden jany koptogon yrlardy kutobuz.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан