Нарында "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөсү 6 жылга эркинен ажыратылды

14-ноябрда Нарын шаардык сотунда жергиликтүү “Теплоком” мекемесинин кызматкери, 1984-жылы туулган Р.Асаналиевге карата козголгон кылмыш ишин кароо аягына чыгып, сот өкүмү жарыяланды. Бул тууралуу КРнын УМККсынын Коомчулук жана ММКлар менен байланыштар бөлүмү билдирди. Соттун чечими менен айыпталуучу КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 229-беренеси (улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) боюнча күнөөлүү деп табылды. Ошондой эле Р.Асаналиев “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн 6 жырга эркинен ажыратылып, 3 жылга мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыратылды. Эске салсак, күнөөлүү деп табылган Р.Асаналиев үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында жогоруда аталган уюмдун баракчаларын таратып жүргөн жеринен кармалган. Мындан тышкары анын үйүнөн экстремисттик мүнөздөгү адабияттар табылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан