Ош облусунун Жапалак айылында 22 тонна 890 килограмм салмактагы мандаринди аткезчилик жол менен алып өтүп бараткандар кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдиргенине караганда, Ч.Н.М. аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жараны Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаага 144 миң 500 сомдук мандаринди жүктөп, мыйзамсыз жол менен алып кирүүгө аракет кылган. Жүк өлкөгө Тажикстандан алынып келе жаткан.
Бул ишти иликтөөгө алуу үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.