Суу тазалоочу бөтөлкөнү жарнамалайм деген британиялык актёр бир өлүмдөн калды

Жарнамалык иш-чаранын алкагында Англиядагы Темза дарыясынан суу ичкен британиялык актёр аз жерден өлүп кала жаздады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка караганда, актёр Дариус Кэмпбелл Африка аймагына суу фильтрлерин жайылтуу боюнча кайрымдуулук акцияга катышып жаткан.

"Кэмпбелл сууну бактериядан 99 пайыз тазалаган бөтөлкөлөр тууралуу жарнамалык видеороликке тартылып жаткан. Видеого тартуу учурунда Кэмпбелл аталган бөтөлкөлөрдүн бирине Темза дарыясынан суу куйдуруп келип бир нече жолу жуткан. Бир аз убакыттан кийин анын ички органдарында түшүнүксүз кубулуштар башталган. Көрсө, Темза дарыясынан суу куюлган бөтөлкөнүн ичине фильтр салынбай калыптыр", - деп жазылат маалыматта.

Натыйжада, Дариус Кэмпбелл иммунитетин кескин түшүрүп жиберген вируска чалдыгып, бактериялык менингит менен ооруп калган. Актёрдун мээсинде шишик пайда болуп, ал комага түшүп калууга жеткирген.

"Атам ооруканага өз убагында жеткирбегенде, мен өлүп калмак экенмин", - дейт өз сөзүндө актёр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bayanis
2017-12-19 02:06:28
админ кайсы бир макалада белгилуу суротчунун куш ач калган баланын олушун кутуп турганын тартып алганын жазган эленер ошону таппай койдум кайсы шилтемеден окусам болот? алдын ала рахмат
0
admin_superstan
2017-12-19 09:11:44
bayanis, саламатсызбы! Бул шилтемеден окуңуз. https://www.super.kg/article/show/40227
0
pondarum
2017-12-19 06:29:07
Мына сага реклама, реклама бул жон гана азгырык екенин тушунбойт окшойт бул актер
0
SHAHDAR
2017-12-19 08:51:08
Фильтр салынбай калган учурда дагы. Алардын суусу кандай кир жана коркунучтуу экендигинин далили.
Бизде болсо "аккан сууда арам жок" деп туруп ичип деле коюп журобуз го.
Бирок бул макалдын доору бутуп калган сыяктуу.
+2
bazar
2017-12-19 15:01:11
Айланайын мекеним - Кыргызстан! Тоодон аккан сууңду жатып алып ичсең да эч нерсе болбойсуң.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан