Таласта катуу жааган жамгырдан улам 2 көпүрөнү суу агызып кетти

Бүгүн, 4-июнда саат 06:00-07:30 аралыгында катуу нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Талас районунун Ак-Жар жана Чийлүү-Дөбө аймактарында жайгашкан ички чарбалык эки көпүрөнү суу агызып кетти. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда райондук жарандык коргоо комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Айта кетсек, кечээ, 3-июнда саат 14:30да Кара-Буура районунун Бакайыр айыл аймагында мөндүр жаап, Шалпылдак, Тазабек жана Искендер айылдарындагы 180 гектардай айдоо аянттарын каптаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан