Испаниялык ырчы Энрике Иглесиас менен сүйүктүүсү Анна Курникова эгиз наристелүү болуп, алгачкы ирет ата-эне статусуна ээ болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Курникова 16-декабрь күнү Майамидеги төрөтканалардын биринен көз жарган. 1 кыз, 1 уулдуу болгон түгөйлөр кызына Люси, уулуна Николас деген ысым ыйгарышкан. Азыркы учурда эне-баланын ден соолугу жакшы экени айтылат. Бирок түгөйлөр өздөрү бул тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек.
Белгилей кетсек, Иглесиас менен Курникова 16 жылдан бери чогуу. Бирок расмий түрдө баш кошуша элек.