Жаш авторлордун китептери жарык көрдү

Кечээ, 18-декабрда Кыргызпатент "Жети жаш автор" долбоорунун негизинде жаш авторлордун 7 китебинин бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиева билдирди.

Ага маданият кызматкерлери, акын-жазуучулар жана поэзия сүйүүчүлөрү катышты. Долбоордун негизги максаты - жаш таланттарга колдоо көрсөтүү жана алардын ой-жүгүртүүлөрүн, эмгектерин калың журтка жеткирүү. Анын алкагында төмөнкү жаш авторлордун китептери жарык көрдү.

1. Келдибек Абдимиталип уулу "Энеме кат";

2. Турсунай Калмурат кызы "Бийигим";

3. Жоомарт Момуналиев "Калем сыры";

4. Дыйканбек Шамшидин уулу "Ырлар менин аярлаган казынам";

5. Перизат Алмаз кызы "Руханият";

6. Мирлан Аскаров "Иллюзия";

7. Замирбек Орозбай уулу "Сезимден өчпөс чырагым";

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
friendwipkg
2017-12-19 16:02:24
Бул китептерди ким окуйт экен эми.
-3
Pelargos
2017-12-19 23:35:56
Бирөөнү критикалагандан башка колунан иш келбеген бир байкушсуңар да..
0
meni_kut
2017-12-19 16:31:50
качествасын жакшы чыгаргылачы ,советтик сырты катуу китептер азыр да бар,а мындай китептер тез жыртылат,сапатсыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан