Жаңы жыл алдында белгилүү америкалык ырчы Рианна өзгөчө түстөгү ооз боёгучтардын топтомун чыгарды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Мен ооз боёгучтардын топтомун чыгаргандан мурун өзгөчө түстөргө басым жасоону кааладым. Анткени ал түстөр адамдын терисинин өңүнө карабастан баарына бирдей жарашыктуу болушу керек эле. Менин эң негизги далилдегим келген нерсе - мындай түстөгү ооз боёгучтар коркунучтуу эмес, тескерисинче аялзатына жагымдуу маанай жана өзүнө болгон ишенимди тартуулайт", - деген ал.
Ошондой эле топтомдогу 14 түстүү ооз боёгучтардын ичинен көк, кызгылт сары жана сыя көк түстөрдү колдонуп көрүүнү сунуштаган.