Ушул жылдын апрель айында өз өмүрүнө кол салып каза болгон окуучу кыздын атасы буга "Эмне үчүн экенине 13 себеп" аталган телесериалдын жаратуучуларын жана аткаруучу продюсери Селена Гомести айыптоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 15 жаштагы Белла Херндон жогоруда аталган сериалды көргөндөн кийин өз өмүрүн кыйган. Жакында эле бул телесериалдын экинчи сезону жарыкка чыга турганы маалым болгондуктан, кыздын атасы аларга карата кайрылуу жасоону туура көргөн.
"Эсиңерде болсун, ар бириңердин кызыңар, эже-сиңдилериңер бар. Алардан дал ушул телесериалдын айынан айрылып калууну каалайсыңарбы? Кээ бир адамдар депрессияга кабылып жүргөн кезде силердин киноңорду көрүшөт. Ал адамдын психологиясына бул таасир бериши мүмкүн. Андыктан сериалды экранга чыгарбай эле койгула", - деген ал.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган телесериал - өз өмүрүнө кол салган Ханна Бейкер аттуу окуучунун тагдырын сүрөттөйт. Анын өлүмүнөн соң классташы анын суицидге баруусунун себептери жазылган кассетаны таап алат. Бул сериалды буга чейин да бир канча жолу окуучулардын өлүмүнө айыпташкан.