Бишкекте "Кыргыз айым режиссёрлорунун II кинофоруму" өтөт

Бишкекте 22-23-декабрь күндөрү "Кыргыз айым режиссёрлорунун II кинофоруму" өтөт. Бул тууралуу форумдун уюштуруучулары билдиришти.

Маалым болгондой, форумдун негизги максаты өлкөбүздөгү режиссёр айымдарга колдоо көрсөтүп, алардын башын бириктирүү, эмгектерин жалпы журтка жеткирүү жана эл аралык деңгээлге көтөрүү болуп саналат. Форум 2 күнгө созулуп биринчи күнү чыгармачыл жана белгилүү инсандар менен пикир алышуу, тажрыйба алмашуу күтүлсө, экинчи күнү форумдун катышуучуларынын тасмалары көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, аталган форум буга чейин былтыр, 2016-жылы алгачкы ирет өткөрүлүп ага белгилүү режиссёрлор жана киносынчылар катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан