Адахан Мадумаров президенттик башкарууга өтүү үчүн референдум өткөрүүгө кол топтой турганын айтты

Саясатчы Адахан Мадумаров президенттик башкарууга өтүү үчүн референдум өткөрүүгө кол топтой турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-декабрда маалымат жыйында билдирди.

Ал президенттик башкарууга өтүү керектигин билдирди. Анын айтымында, референдум өткөрүү демилгеси үчүн 300 миңден кем эмес кол топтоо зарыл. Мадумаров "Мен макул эмесмин" кыймылы чет жактагы Кыргыз жарандарынан жана өлкөдөгүлөрдөн кол топтой турганын белгиледи. Ошондой эле ал 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны кайтаруу зарылдыгын билдирди. Мындан тышкары саясатчы Кыргыз менен Орусиянын ортосунда кош жарандуулукту киргизүү керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан