ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун хирургия бөлүмү тараканга толгон" дейт окурман

"Биз 19-декабрда Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борборунун хирургия бөлүмүнө жаткырылдык. Ал жакта санитардык көзөмөл жок экен". Мындай маалыматты окурман "Элдик кабарга" билдирди.

"Таракан палаталардагы батареялардын артында жайнайт. Тамак-аш салуучу шкафтардын ичтерине балалап кетиптир. Жалпы энелердин атынан кайрылат элем. Жетекчилиги көңүл бурат деген ойдомун. Ушундай эле көрүнүш ашканасында да бар. Мен бир жарым жашар балам менен хирургия бөлүмүндөмүн. Ачык жаракаттары бар балдарыбыз үчүн кооптонуп жатабыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан