Орус ырчысы Дима Билан өзүнүн каза болгондугу тууралуу чыккан маалыматты жокко чыгарды

Жакында эле орус басылмаларынын бирине орус ырчысы Дима Биланды каза болду деген жалган маалымат чыккан. Бул жаңылык көптөрдү ойго салып, тынчсыздандыруу жараткан. Кечээ, 20-декабрда ырчы өзү бул боюнча билдирүү калтырып, маалыматты тараткан маалымат булагына нааразычылыгын билдирген.

"Мен бул жаңылыкты окуп, абдан ачууландым. Дароо иликтөө жүргүзүп, косметика саткан сайттардын бири өзүнө окурман топтоо иретинде ушундай жаңылыктарды жаза турганын аныктадым. Кээ бирөөлөр мени пиар үчүн ушундай кадамга барды деп ойлоп алышыптыр. Кечирип койгула, бирок мен мындай пиарга муктаж эмесмин", - деген ал.

Ошондой эле ырчынын өлүмү тууралуу маалымат чыкканда Биландын Орусиянын аймактарында боло турган концерттерине билет алып алгандар аны дароо кайтарып берүүгө да үлгүрүшкөнүн кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Kattaldym
2017-12-21 10:31:16
Бизди ирет эмес, ирээт деп жазгыла деп уйротушту эле...
-15
Алина Айдарбекова
2017-12-21 10:41:10
Kattaldym, саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы №567 токтомунун негизинде кыргыз тилинин жазуу эрежелерине бир аз өзгөртүүлөр киргизилген. М: баардык, ирээт деген сөздөр бардык, ирет болуп өзгөргөн.
+11
Kattaldym
2017-12-21 10:43:43
Алина Айдарбекова,саламатчылык,аа рахмат, билбептирмин
0
ekaterinburg
2017-12-21 10:52:50
Алина Айдарбекова,жооп"колун котор"го))
+1
Stervashka
2017-12-21 11:15:34
Kattaldym,грамматика боюнча кыйын окшойсун го э
+3
Ramis.Ramis.kg
2017-12-21 10:48:41
Омурун узун болот экен
+7
Tyty1990
2017-12-21 11:06:34
Инстаграмда мындай маалыматтар толтура. Кунуно бирден дуйно жылдыздары олушот. Мисалы откон жумада Сталин тируу деп турат. Кантип эле Стакем тируу болсун деп кире калсам, бензопила сатам деп реклама туруптур. Аа бензопила сатыш учун Стакемди тирилтиптир да деп койдум.
+22
engel
2017-12-21 11:42:43
Tyty1990, )))
+2
jaskaaa
2017-12-21 12:35:20
Tyty1990, :)) олтурдунуз
+2
Baiana
2017-12-21 13:29:54
Tyty1990,)))))
+2
Aima94
2017-12-21 16:16:51
Tyty1990,
+2
ksb
2017-12-21 18:42:31
Tyty1990,Стакем де)))
+2
Bek_abad
2017-12-21 14:09:30
Бир кун Билан олду дейт, анан Якубович дейт, азыр Безруковду колу кесилди деген мода сайттарда...
+2
mir777
2017-12-21 22:25:34
ГУФ Уумер)
+1
Adi.Avazbekov
2017-12-23 01:17:06
mir777,kop boldu al kaza bolgonuna
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан