Ошто өлкө боюнча эң бийик делген балатынын чырактары жанды

Кыргыз өлкөсүндөгү эң бийик балатынын чырактары Оштун борбордук аянтында жанды. Бул тууралуу Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түштүк калаанын борбордук аянтында орнотулган балатынын бийиктиги 30 метрге жетип Кыргыз өлкөсүндөгү эң бийик балаты деп табылган. Жалпысынан быйыл Оштун борбордук аянтын жасалгалоого Ош шаардык бюджеттен 1 миллион сом бөлүнгөн.

"31-декабрь күнү борбордук аянтта ар кандай оюн-зоок иш-чаралары жана концерттик программа болуп өтөт. Оюн-зоокторго активдүү катышып жана жеңүүчү аталган тургундарды баалуу белектер күтмөкчү", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле быйыл облустун район борборлоруна кичирээк балатылар орнотулган.

Белгилей кетсек, Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатынын бийиктиги 25 метрге жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
asil-08
2017-12-21 17:57:27
Охоо сонун жасалыптыр.
+10
Dembele84
2017-12-21 18:37:31
Оштогу балаты Мырзакматовдун убагында да борбордун аянтынан бийик болуп,бир аз коро албастыктар болгон.Бишкектеги Манастын эстелигинен Оштогу Манастын эстелиги да эки эсе чон болуп,тымызын ызы чуу болгон ал дагы.Оркундой бер ОШ!!!
+18
muni.98-98
2017-12-21 20:46:32
Dembele84, Оркундой бер Кыргызстан!!!
+2
sumaika
2017-12-22 09:21:31
Бишкектеги балатыга канча млн сом болунду эле?таппай жатам
0
Adiletgo
2017-12-22 11:11:28
Бишкектеги балатыга 15 млн. сом 0шко 1 эле млн буга эмне дей аласынар:-) тамаша ирээтинде жазып атам туугандар
+2
nargiz94
2017-12-22 14:26:20
Adiletgo,
15 млн.эмес 1 млн 200 мин кетти деп айтылды, ушак ушундайлардан чыгат да. Сиздин комментарийинизден кийин канча адам "иии 15млн кетиптир" деп канча кишиге айтты экен...
+1
Adi.Avazbekov
2017-12-23 00:57:12
nargiz94,balatyny jasalgaloogo ele 1 million 200 min ketti
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан