Депутат: "Балдарга сүйүнчү пул боюнча мыйзам шайлоо алдындагы көз боёмочулук болгон"

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга мамлекеттик жөлөк пул, сүйүнчү пул боюнча мыйзам долбоору каралып, талкуусу жок добуш берүүгө жиберилди. Бул чечимден кийин эл өкүлдөрү эки жаатка бөлүнүп кайым айтышты.

Депутат Рыскелди Момбеков жөлөк пул боюнча мыйзамды шайлоо алдындагы көз боёмочулук болгонун айтты.

"Кээде депутаттар популист, кээде артист болот экенбиз. Саясаттын сапары ушул экен. Ушул мыйзам бул жерде кабыл алынып жатканда бүт баарыңар "Ура-а" дегенсиңер. Үч эле киши "каршы" деп добуш бергенбиз: Бокоев, Бекешев жана Момбеков. Эми жоопкерчиликтин баарын өкмөткө айтып жатасыңар. Туура ушул жерде өкмөт унчукпай отурган. Министр, сиз ошондо 30 миң бала жөнүндө ооз ачкан эмессиз. Бүгүн келип алып ооз ачып, бизди шүмшүк көрсөтүп жатасыз. Сиз бүгүн жоопкерчиликти алып кызматтан кетишиңиз керек!

Экинчиден, мыйзам башында этеги, эсеби башы жок келген. Мен ошондуктан каршы добуш бергем. Бул шайлоо алдындагы көз боёмочулук болгон. Бул мыйзам байлар үчүн болгон, кедей-кембагалдардын балдарына каралган эмес. Депутаттын, министрдин, губернатордун балдары жөлөк пул алсын деген. Жөлөк пулду карапайым элдин калың катмарындагы эл алышы керек. Шайлоонун алдына шардана кеп кылдыңар, мактана кеп кылдыңар, бүгүн болсо актанып жатасыңар. Уят да! Үч ай да аз, алты айдын ичинде өкмөт иштеп чыгыш керек. Жоопкерчиликти жонуңардан түшүрбөгүлө", - деди Момбеков.

Айта кетсек, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом бериле турганы камтылган. 21-июнда аталган мыйзам 3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ал эми ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 1-августта мыйзамга кол койгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмекчи.

Бүгүн өкмөт эгер бул мыйзам 2018-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсе, учурда жөлөк пул алган 30 миңдей бала жөлөк пул албай кала турганын билдирди. Мындан улам өкмөт жөлөк пул боюнча жаңы мыйзамдагы сүйүнчү пулду калтырып, калганы 3 айга чейин бүгүнкү күндө иштеп жаткан мыйзам менен кете беришин сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Jelezo
2017-12-21 18:31:02
Өтө жакыр катмарга бериш керек калганына уят мамлекетин канын соро берген
+1
Jelezo
2017-12-21 18:32:57
Сүйүнчү пулду баарына берсин ал эми жөлөк пулду жакырларга мурунку мыйзам туура болчу популистикти токтотсоңор
+1
Nevestkaa
2017-12-21 18:45:40
Негизи жакырбы олигархпы мамлекеттин жарааны болгондон кийин бериш кк,бирок ага бюджетибиз чак келбейт.Мурунку законуңар боюнча наоборот мага окшогон ата энелер пособие албай жалаң таанышы барлар алып жатышкан.Шылтоосу машинаңар бар экен,машинанын докум.биздики эмес и машина да биздики эмес,атабыз болгону шофер болчу .Ошол шылтоо мн албай калдык.Ошон үчүн берсеңер тегиз бергиле болбосо таптакыр бербегиле ал акча мн эч ким деле байып кетпейт.
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-21 18:51:40
Nevestkaa, кандай чак келбейт келет Курманбек Бакиев бут мектепти жаш балдарды тамак менен камсыздап койгон булардын колунан иш келбеген чабал эшек минерлер болуп жатпайбы
+18
saparu
2017-12-21 18:51:54
Жолок пулдун 3-баласынан баштап алат дегени туура эмес 16 жашка чейин тегиз берсин мамлекеттик кызматтагылардан башкасына
+9
Malik92
2017-12-21 20:42:09
Чынын айтканда депуттатар кабыл алган закондор бей-бечаралар учун чыгарылгандай.Кой уурдаган 5-жылга кетет,адам олтургон байлар камалбайт.Пособие,окмоттон бериле турган башка жардамдар,%ти жок кредиттерди байлар алышат.Армияга жонокой жарандардын балдары барышат.Окмотко кичине илинчектери барлардын балдары барышпайт.Менин уч балам бар пособие эмес,суйунчу пул ала албай койгом.Кудай ден соолук берсин,пешене тер менен жашаганга не жетсин.Бизде чындык жок,баары таныш билиш.
+5
Dalil
2017-12-21 20:56:11
Malik92, туура айтасын бизде да бей бечаралар албай эле байлар алчу ансыз деле. Соцзащита да барсаң колуңду эле карап турушат берсең өтөт бербесең жок. Бул чоңдор өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн гана иштеп калгандай. Акаев айткандай кулдай иштеп байдай жашай бергиле. Чоңдордон үмүт жок. Ансыз да аларга байлык жетпей кырылышып жүрөт.
+2
010288
2017-12-21 21:16:33
XXXX элди XXXX кылышат
+3
munira-tilen
2017-12-21 21:23:24
Бериш керек айылда иш жок ежем 5 баласы менен ошо жолок акча менен жашайт ишенгени ошо
+2
baltabaev
2017-12-21 23:49:00
Кээде эмес ар дайым ошондойсуздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан