УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Чыгыш" бажы кызматынын ишмердүүлүгүнөн коррупциялык жолдорду тапты. Нарын облусунда жайгашкан "Чыгыш" бажы кызматынын кызматкерлери Кытайдан алынып келинген товарлардын көлөмүн аз көрсөтүп, каттоодон өтөрдөн мурда тиешелүү бөлүгүн өздөрүнө алып калып турушкан. 2013-жылдын 25-майында жогорудагыдай эле ыкма менен өлкөгө аткезчилик жол менен ири көлөмдөгү товар өткөн. Мындан улам 3-июнь күнү УКМКнын тергөө кызматы аталган мекемедеги тийиштүү кызматкерлерге карата кылмыш иши козгоду.