Бишкек шаардык соту журналист Кабай Карабеков менен 24.кг маалымат агенттигине 5 миллион сомдон айып пул салган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Шаардык сот мындай чечимди бүгүн, 22-декабрда кабыл алганын SUPER.KG'ге алардын маалымат кызматынан кабарлашты.
11-сентябрда аталган агенттикке Карабековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиге барганы боюнча "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы жарыяланган. Анда Москва тарапты "ага-ини Жээнбековдордун радикалдуу араб уюмдары менен тыгыз байланышы бар болушу мүмкүн" деген Кыргыз жана Орус атайын кызматтары берген маалымат тынчын алып жатканы тууралуу жазылган. Мындан улам ошол кездеги президенттикке талапкер Жээнбековдун шайлоо штабы сотко кайрылган.
Ишти Бишкектеги Свердлов райондук соту карап 5-октябрда 10 миллион сом айып пул салуу чечимин чыгарган.
Карабеков билдиргендей, аталган макала Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен өчүртүлгөн.