22-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында "Тамашоу" Лигасынын 10-сезонунун чейрек финалы болуп өттү. Анда "Ала-Тоо", "Ошингтон", "National", "Stud life", "Нур ивент", "Ацтек", "Мурас", "МК шоу", "Келечек", "Ой, бай", "Оригинал", " Юристтер", " Нацвегас" командалары ат салышты.
Шайыр жана тапкыч командаларга режиссёр Рысбек Жабиров, Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча курама командасынын капитаны Азамат Байматов, ырчы Кайрат Кыргыз, стилист-дизайнер Замира Молдошева, телеалпаруучу Нурзат Токтосунова, "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Мирлан Өмүралиев жана "Универсал" командасынын капитаны Калыбек Турдубаев калыстык кылышты.
Оюндун башында сынактан тышкары "Ким тапан" оюну ойнолду. Анда Рысбек Жабиров: "Кайрат Кыргызды кимге окшоштурасыңар?" - деген суроо узатты.
Ага "Ошингтон" командасы: "Мерген Тургандын сиңдисине окшош" деп жооп берсе, " Ала-Тоо" командасы: "Рысбек Жабировдун жаш кезине окшош" деп жооп беришти.
Футболчу Азамат Байматовдун "Футболкамды кимге берсем?" деген суроосуна "Нур ивент" командасынын оюнчусу "Түшүмдө сиз мага футболка берип жатыптырсыз" деп жооп берди.
Оюнду алгач "National" командасы баштап берди. Алар коомдо талкуу жараткан көп аялдуулук маселесин юмор аркылуу чагылдырышты. Ошондой эле ырчы Омардын күйөрман кыздарынын абалы жөнүндө тамаша көрсөтүп өтүштү.
Андан соң "Ала-Тоо" сахнага жаңы жылдык маанай менен чыгышты. "Америкада Санта Клаус болсо бизде Сары Клаус" деген тамашаны аткарып, залды күлкүгө бөлөштү. Ошондой эле өзбек элинин президенти "Мирзийоевди чакырышып" ал кыргыз-өзбек маселесин тамашага салып өттү.
Оюнду Оштон келген "Ошингтон" командасы жыйынтыктады. Алар Кайрат Кыргызды бийлетип, Азамат Байматовдун саатын сурап алды. Мындан тышкары президент Сооронбай Жээнбековду туурап, көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөштү.
Оюнга ардактуу конок катары Оштон "No name" жана "Универсал" командалары чакырылган. "Тамашоуго" келгендер аталган командаларды кол чаап, кубаттап тосуп алышты.
Көп кызыктар коштолгон "Тамашоу" Лигасынын чейрек финалы көңүлдүү маанайда жыйынтыкталды. Калыстар тобунун чечими менен 3-орунга "Оригинал" командасы ээ болсо, 2-орунга "Студ лайф" командасы татыды. Ал эми 1-орунду "Ошингтон" командасы багындырды.