Ысык-Көлдө кош бойлуу келин менен кошо дагы үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү кыз 10 жылга шарттуу кесилди

22-декабрда Ысык-Көл райондук соту райондогу "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, 4 адам каза болгон факты боюнча козголгон кылмыш ишине карата чечим чыгарды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жактоочулук кылып сотко катышкан Болот Абдырахманов SUPER.KG'ге сот кандай чечим кабыл алганын айтып берди.

Анын кабарлашынча, сот Мерседес-Бенц унаасын башкарып баратып жол кырсыгына күнөөлүү болгон 23 жаштагы кызды 10 жылга шарттуу кесип, 3 жыл унаа башкаруусуна тыюу салды. Сот чечими күчүнө киргенден кийин кыздын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал үйүнө чыгарылат. Анын жүрүм-туруму 3 жыл Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчи Май району боюнча жаза аткаруу инспекциясынын көзөмөлүндө болот.

Ал эми унаа ээси Т.Т. аттуу жаран болгон. Ага жабырлануучу тараптар тосмо арыз жазып бергендиктен сот тарабынан жоопкерчиликтен бошотулду.

Жактоочу Абдырахманов "Тез жардам" унаасы боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дооматы сот тарабынан кароосуз калтырганы туура эмес чечим болгонун белгиледи.

"Жол кырсыгына кабылып жараксыз болуп калган унаа 1 миллион сомго жакын акчага 2 жыл мурун эле сатып алынган болчу. Ошондуктан аны төлөтүп алуу үчүн доомат коюлган. Бирок сот дооматты кароосуз калтырды, чогуу эле карап чыгыш керек эле. Соттун мындай чечиминен кийин күнөөлүү тарап унааны төлөп бербей коюшу мүмкүн. Жакынкы күндө соттун чечими колубузга тийсе облустук сотко доо арыз менен кайрылабыз", - деди ал.

Эске салсак, 2017-жылдын 1-октябрга караган түнү саат 3:00 чамаларында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, ичинде бараткан 4 адам каза болгон. "Тез жардам" кызматы райондогу Бает айылынан кош бойлуу аялды Чолпон-Атадагы төрөт үйүнө алып келе жатканда Мерседес-Бенц унаасы катуу ылдамдыкта келе жатып "Тез жардам" унаасынын артынан сүзгөн. Натыйжада дарыгерлердин унаасы оодарылып кетип анда бараткан айдоочу, дарыгер, кош бойлуу аял жана анын жакыны каза болгон.

"Тез жардам" унаасынын артынан сүзгөн Мерседес-Бенц унаасын ошол учурда 23 жаштагы Жибек аттуу кыз башкарып бараткан. Кыздын алкоголдук ичимдикти ичкени текшерилип, спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (49)
aibars
2017-12-23 17:28:18
Соз жок сотторго, куноо айдан ачык болуп турса дагы.
+3
Taalaibek.
2017-12-23 18:07:38
Соттон качан калыстыкты кутобуз? Туура эмес чечим чыгарган сотторду качан соттойбуз? Жээ ал соттор такыр соттолбойбу?
+4
Kyrgyz06
2017-12-23 18:31:01
Жогорку кенеш окмот элдин созун уккула окмоттогу жаштар ушул ишти карасанар боло жогорку сот уктап жатабы бул иш ЖК де каралыш керек жогорку соттун торайымын чакырып угуш керек эмне учун мындай чечим чыгарганын чечим чыгарган сотко кылмыш ишин козгош керек Экинчи кайталанбаш учун.депутаттарга жеткириш керек фейзбук барачасын билгендер чыгып койсонор эки машина авария болсо темир учун интернете ызы чуу болушат бул жерде беш Адам.олуп жатат муну жон койбош керек Адам омуру кымбат.
+3
sanzhar83
2017-12-23 18:36:14
Ошол чечим чыгарган соттун башына да келет бир куну ушундай нерсе,озунун жакындарын бир мас олтуро сузуп кеткенде эсине келет бул акмак соттор!!9 ай которуп журуп наристесин жарык дуйного алып келгенге жетишпей кете берген жапжаш келинге озгочо ичим ачышып атат.
+4
gumigumi1990
2017-12-23 18:38:56
Ушу чечимди чыгарган сот , 5 кишини олтургон кыз тункусун уйку корбогуло. Ийгилик деген нерсе силердин жашоонордон качсын.тозоктун отуда кайнагыла.
+4
sanzhar83
2017-12-23 18:44:43
10 жылга шарттуу турдо деп,3 жыл машина айдоо укугунан ажыратылды деп,уялбайбы бети жоктор.3 жылдан сон кайрале машинаны минип каалагандай журот экен да.Акча берип куткарып калган ата-энеси деле омур боюу машина айдоо укугунан ажыраттырып салса болмок.
+3
dina
2017-12-23 19:00:43
19 жаштагы келиндин ата энеси акча албайбыз отургузабыз деп албай коюшту деп уктум эле. Бул чечимди угуп куйуп кетишсе керек. Туура эмес суйлоду деп кээ бироолорго миллиондорду салыпатасынар. Калыстык жок(((
+2
InsanIndira94
2017-12-24 00:58:27
Бироонун олумуно себепчи кылбасын..Бул кыз озунун абийиринин алдында кантип жашап,кантип кун корот..Колу менен кылганды моюну менен тартыш керек эле..Каза болгон келин менин кошуна кызым болчу..Аллахым бейишин берсин!Соттор аман болсун!Аллахка сурак берчу кундон корккула!
0
Nurmat92
2017-12-24 01:20:33
Жаман ак көңүл сот го. Чечим чыгарган сотту соттош керек ошондо көрөт адилеттүлүк эмне экенин
+1
saparu
2017-12-24 02:47:56
Чынында адамдын ичи ачышат турган чечим болуптур жок дегенде 20 жыл камаш керек болчу
Мас болуп кармалганды айдоочулук укуктан ажыратабыз деп жатпады беле ал мыйзам акчасы жок карапайым эл учун иштейби бул кызды омур бойу айдоочулук укуктан ажыратыш керек
Ушундай чечимдер боло берсе жол кырсыгы азайбайтко,нааразымын!
+1
saparu
2017-12-24 03:02:06
Не дейбиз эми каза болгондордун жакындарына сабырдуулук ал эми сотту кудайга койдук
+1
Snejana
2017-12-24 03:09:45
Сотторго соз жок. Башка эмне дейбиз. Аллахтын сурагы жаман. Пендебиз да, тимеле олбочуудой жашайт экенбиз го, Чиркин!
+1
BarsBaatyr
2017-12-24 15:56:45
Мына сага...алган акчанар арканардан чыксын ылайым.Ичиндеги бала менен 5 адамды олтургон акмакты шартту кескен.Бир кун келип ушул акмак чечим чыгарган соттун жакынын урат.Ошондо билесин,бироонун куноосу менен жакындан ажыраган кандай болоорун.
+1
ekonomist.
2017-12-25 00:46:08
Сот чечим чыгарбай эле, куноолу кыз чечим чыгарыптырда.
0
ooki8888
2017-12-25 09:51:34
Кыргызстана адилеттик жок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан