"Non-stop" дуэтинин ырчысы Максат Садырбеков: "Айсулуу менен 7 жылдан бери кыз-жигитпиз, ал Чолпон экөөбүз тууралуу тараган кептерге көнүп бүткөн"

"Non-stop" дуэтинин ырчысы Максат Садырбеков сүйүктүүсүн ачыкка чыгарып, бийкеч менен чогуу түшкөн сүрөтүн интернеттеги жеке баракчасына жарыялаган эле. Айсулуу аттуу сулуу менен түшкөн сүрөтүнө "Бар экенине рахмат" деген билдирүүсүн калтырган ал. Көпчүлүк күйөрмандары үчүн бул күтүүсүз болду, анткени Максатты аталган дуэттин ырчысы Чолпон Талипбекова менен сүйүү мамилесинде деп ишенишкен.

Буга чейин сүйүктүүсүн күйөрмандарынан жашырып келген Максат махабатын ачыктагандыгына эмне себеп болгонун SUPER.KG порталына айтып берди. Айтымында, Айсулуу менен 7-8 жылдан бери кыз-жигит мамилесинде жүрүшөт.

"Экөөбүз бир жерде окуганбыз, ал хореографияда, мен музыка бөлүмүндө. Ошондо биздин сүйүү мамилебиз мен "Non-stop" дуэтине келгенге чейин эле башталган. Мен Айсулууну кыз-жигит болуп жүрүү үчүн эмес, жубай боло алат деген көз караш менен тандагам. Азырынча үйлөнүү тууралуу пландарыбыз жок, бирок ниетибиз жакшы", - дейт ырчы.

Буга чейин "Non-stop" дуэтинин курамы жаңылана тургандыгы маалымдалып, анын солисттери Чолпон Талипбекова менен Максат Садырбековдун өз алдынча пландары бар экени жазылган.

Максаттын ашыгын күйөрмандарына тааныштыруу ниети мурдатан эле болгон.

"Дуэт жакында эле тарадык, менде, балким, азыр убакыт бар болуп жатат, айтор сүйүктүүмдү көпчүлүккө тааныштыргым келди. Айсулуу менин көңүлүмө төп келген, бардык жагынан мыкты кыз. Балерина, клиптерге жана тасмада эпизоддорго тартылып жүрөт. Учурда визажист. Ал эми Чолпон экөөбүз жөнүндө кандай гана кептер тараган эмес, үйлөндүрүп, чогуу жашатып коюшкан. Айсулуу андай кептерге көнүп калган жана интернетке жазылган пикирлерге даяр болчу", - дейт Максат Садырбеков.

Мындан тышкары ал эми жеке ырчы катары чыгармачылыгын уланта турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Mirlan27011987
2017-12-23 16:07:18
Молодец Макс ким менен болсон да бактылуу бол. Ар бир адам озуно жаккан адамын издейт. Бир адамды бир адамга тануулабайт. Чолпондун дагы озунун адамы болсо керек.
+8
nurikkg88
2017-12-23 16:08:18
Чолпонго Максаттын желаниясы деле калбаса керек
+5
jaskaaa
2017-12-23 16:33:36
Чынын айтсам ичим ачышып атат ! Жакшы группа болчу!
+5
Ne.vajno
2017-12-23 16:39:30
Айсулуу сулуу экен. А Чолпон кыйын кыз молодец.
+8
Aznazalai
2017-12-23 16:41:50
Ушул бала бир башкача да паходкалары.Анан да интервью бергенин уктум эле чолпон экообуз тигиндей мындай деген
-1
Nendi15
2017-12-23 17:15:41
Ушу ырчылар тажаттынарго,өзүнөрдүн пиарынар менен.
+8
KOCMOC
2017-12-23 18:17:30
Айсулуу Молдалиева деген кызбы?)
+1
Mers124
2017-12-23 18:44:51
Жакында Чолпон күйөөгө тиет.
+1
JaneEr
2017-12-23 19:00:06
Кимиси не болсо ошо болсун.
+2
OMURBEK.
2017-12-23 20:21:54
Бирок копчулук чолпонго эле уйлонуусун кааласа керек мен да ошентип ойлойм
+1
akonia
2017-12-23 21:37:44
OMURBEK.,Туура айтасын Айсулуу чон корунобу деймда Чолпон аябай сонун пара эле да
0
Aijamal9487
2017-12-23 20:23:04
Эртего дейм эртен эле кацра ажыраштык деп чыкпп?
+2
DAKS
2017-12-23 21:31:39
Эмнеге кутуусуз болду? Кобу билсе керек кыз жигит экенин, мен билчумун.
+1
ayana16
2017-12-24 01:47:24
Суйлошконубузго 7-8 жыл болду дейт,уйлоно турган планыбыз жок дейт, анда канча жыл кыз жигит бжылт,10 жылбы?)))
+2
love.me.again
2017-12-24 18:08:07
Оляяя тарабай эле койсо болмок топ
+1
ZANIA-92
2017-12-25 23:21:46
Супер инфо гезити Чолпонду алкачып тамашаторго салганда,Максаттын кебетесине караганда Чолпонду суйот деп ойлоп жургон элемда, каап эми бактылуу болушсун ким мн болсо дагы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан