Казак ырчысы Төрегали Төреалинин концерттеги сөздөрү кызуу талкууга алынууда

Жакында эле Казакстандын белгилүү ырчысы Төрегали Төреалинин концерт учурунда тартылган видеосу коомчулукка желдей тарап, кызуу талкууга алынды. Анда ырчы аталган өлкөнүн Павлодар шаарына концерт коюп келген. Концерт учурунда күйөрмандары менен сүрөткө түшүп жатса, улуу муундагы киши анын сүрөткө түшпөй, ырдоосун талап кылган. Ошол учурда ырчы ачууланып, төмөнкүдөй жооп берген.

"Мен эмне силерге үйдөгү көйгөйлөрүм тууралуу айтып жатамбы? Жакпаса чыгып кеткиле, мен таарынбайм. Мен эч кимди концертиме келүүгө мажбурлабайм. Сиздин таарынычыңыз орунсуз. Жакпаса чыгып кетиңиз", - деген ал.

Анын бул сөздөрү интернет айдыңына тараган соң ырчынын бул кылыгына ачуулангандар көбөйүп, анын Павлодар элинен кечирим суроосун талап кылышкан. Ал гана эмес, аталган өлкөдөгү радиолордун бири ырчы элден кечирим сурамайынча анын ырлары эфирден кетпей турганын билдирген.

Мындан улам Төрегали Төреали өз ой-пикири менен бөлүшкөн.

"Мен ачууга бат алдырып жиберем. Ал адамга кыйкырып алган соң көпкө чейин жаман болдум. Аны таап, кечирим сурагым келди. Бирок тапкан жокмун. Ошентсе да жалгыз мени күнөөлөгөн туура эмес. Ал абдан жүрөккө жете турган сөздөрдү айткан. Видеодон анын сөздөрүн кесип салышыптыр", - деген ырчы.

Кызуу талкуу жараткан Төрегали Төреалинин концерт учурунда айткан сөздөрү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
adi_ko.kg
2017-12-25 13:19:03
Охоо озунду озун кылыпсында жон эле койбопсунда
+1
Elitta
2017-12-25 13:36:22
Бул создору адамгерчилике жатпайтта,озуну отто звезда сезип алганго...Торегелди ырдаганы келбей анан селфи кылганы келиптирби сахнага?селфини концерттен сырткары кылсын туура айтыптыр ал киши!
+1
Nanei
2017-12-25 13:52:33
Эл акча толоп кирип барат ырчылардын концертине,анае концерт кое турган зал ырчынын уйу эмес да ,чыгып кет деп. Озубуз жаман коптурдук ырчыларды. Мындай копкон ырчылар бизде деле толтура
+3
rysik79
2017-12-25 14:02:00
Торош маладес
0
lawyer
2017-12-25 14:06:01
Эми концертине эч ким келбейт го
+1
pixduel1
2017-12-25 14:12:59
Бул ырчы озу бой которгон тим эле,Эсмаханды да канча соз кылды эле.Озу казган чункурга озу тушту! Уят! Элдин артынвн акча тапкандан кийин элден айланса болот! Эл которуп ,сыйлабаса сен кимсин деген адам жок,КЛОУН!
+5
Nargiza1987k
2017-12-25 14:31:42
Уят эле Торагалиден мындайды куткон эмесмин
+5
Bekzamann
2017-12-25 14:47:30
Бирок кээде ушундай абалга туш болосун озунду кармай албай каласын.. Тиги улгайган адамдагы бираз сабыр кылса болмок экен. А так тушунсо болот бул ырчыны.
+4
erkinali858585
2017-12-25 15:48:06
Чын журоктон баарыбир.
+2
daniel87
2017-12-25 21:20:33
Мен Тороштун ырларын суйуп угамын каттуу ырдайт!бирок адашпаган Адам болбойт кечиримдуу бололу ОЗУ да кечирим сурады
0
Arlenchik
2017-12-25 22:30:07
Озун укмуш сезип алган го, мээси болсо ошол эл коруп, эл уккан учун ырчы болуп журот да, чындыгында туура эмес кылган,концерт сонунда каалаганча тушо берсин, эл козундогу адам болгондон кийин сылык болбойбу, залдагы адамдардын баары чыгып кетсе болмок, андай денгээли томон адамдын концертин корбой эле.
+1
dastan_nookat
2017-12-26 01:21:54
Көрө албагандар тартып интернетке таратып койсо керек да
0
Bale
2017-12-26 01:40:03
Бул мас экенго
0
Derzki_kyrgyz
2017-12-26 02:03:16
Приколго
+2
Ferdews
2017-12-26 13:46:46
Концертке келген адамда, концертти берип жаткан адам этика-правиланы билишбейт.Акчасын толоп концерт кором деп келген адамга, ырдабай эле суротко тушуп, анысы аз келгенсип чыгып кет дегени туура эмес!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан