Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу жаш балдарга арналган фантастикалык тасма тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына фильмдин режиссёру Сүйүн Откеев билдирди.
Анын айтымында, "Жетикс" деп аталган кино ушул жылдын апрель айынан тарта Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында тартылган.
"Байкасак, өлкөдө таптакыр балдарга арналган кызыктуу тасма жок экен. Мындан улам фильмдин продюсери Курманбек Жолдошевдин сунушу менен ушул кинону тартууну туура көрдүк. Фильм фантастика жанрында болгондуктан атайын эффекттер менен айрым эпизоддору 3D форматында тартылды. Балдарга арналган тасманы тартуу башка тарткан фильмдериме караганда оор болду", - дейт ал.
Ошондой эле тасманы алгач "Жети икс" деп аташмак болуп, кийин эки сөздү кошуп "Жетикс" деп атоону туура көрүшкөнүн кошумчалады.