Данияда жашоо-шарты эң ыңгайлуу абак ачылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, дүйнөдөгү жашоо-шарттары эң ыңгайлуу деп эсептелген абакты куруу үчүн 160 миллион доллар сарпталган. Абак Гундслев шаарына жакын жайгашып, Сторстрем деген ат коюлган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 5 жылдан ашык убакыт кеткен. Бир убакта бул абак 250 эркинен ажыратылган адамды батыра алат.
Абактын жетекчилиги билдиргендей, соттолгон адамдар жайгаштырыла турчу ар бир бөлмө сыналгы, муздаткыч жана керектүү эмеректер менен жабдылган. Ошондой эле башка эркинен ажыратылгандарды кармоочу жайлардан айырмаланып, бул жерде ар бир бөлмөдө чоң терезелер орнотулган. Мындан сырткары Сторстремдин аймагында өзүнүн чиркөөсү жана ар кандай жашылча-жемиштерди өстүргөн бакчасы бар.
Даниялык укук коргоочулардын билдирүүсүнө караганда, дал ушундай ыңгайлуу шарттар кылмышкерлерди кайра тарбиялап, жаман жолдон алыстатканга түрткү болот.