Гватемаланын өлкө башчысы Жимми Моралес өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Иерусалимди Израилдин борбору катары тааный тургандыгын жарыялады. Алар АКШнын артынан эле өз элчилигин Тель-Авив шаарынан Иерусалимге көчүрдү.
"Мен бүгүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөштүм... Эң орчундуу маселелердин бири болуп Гватемаланын элчилигин Иерусалимге көчүрүү болду. Бул процессти баштоо тууралуу Тышкы иштер министрлигине атайын тапшырмалар берилди", - деп жазган президент.
Эскерте кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди расмий түрдө Израилдин борбору деп таанууга мезгил жеткенин белгилеп, АКШ элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө даярдыктарды баштоону тапшырганын билдирген.
Ал эми 21-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп атоого каршы добуш берген. Добуштардын жыйынтыгында 128 мамлекет АКШны бул чечимден баш тартууга чакырса, 35 мамлекет добуш берген эмес, ал эми 8 өлкө АКШны колдогон.