Декабрь - жылдын жыйынтыгын чыгаруучу ай. Google компаниясы да бул көнүмүш салтты бузбастан 2017-жылы эң көп изделген автоунаалардын тизмесин жарыялады.
Белгилүү болгондой, өтүп бара жаткан жылы көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган унаа Ford F-150 жана анын Explorer, Escape үлгүлөрүндө чыгарылган машиналары болгон. Андан соң Lexus жана анын RX, IS, LS үлгүлөрү. Ал эми алдынкы үчтүккө кирген дагы бир унаа кореялык Kia, анын Optima, Sorento, Soul, Sportage маркалары болгон.
Toyota унаасы 4-орунга илинген. Башкаларга караганда Sienna, Camry, Corolla үлгүлөрү көбүрөөк каралган. Ал эми 5-орунду Honda багындырган. Арасынан Accord жана CR-V үлгүлөрү көп кызыгууларды жараткан.