Бүгүн, 25-декабрда Москва шаарында автобус кишилерди сүзүп, жер алдындагы өтмөктүн ичине кирип кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Автобус токтогон аялдамадан жылып, андан ары тротуарга өтүп, "Славянский бульвар" метросунун станциясына кирчү жер алдындагы өтмөктүн ичине кирип кеткен. Натыйжада 5 адам каза болгон жана 15 адам жаракат алган. Анын баары жол боюндагы жөө жүргүнчүлөр болгон. Автобустун айдоочусу полиция кызматкерлери тарабынан кармалды", - деп жазылат маалыматта.
"Айдоочунун автобусту токтотууга жасаган аракетине карабай машина өзү жүрүп токтотуу системи иштебей адамдарды сүзүп кетти. Учурда кырсыктын жагдайлары аныкталууда", - деп билдиришкен жергиликтүү тергөө комитети.