Орусиялык театр жана киноактёру, ырчы Михаил Боярский Орусиянын Ленинград шаарында актёрлордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Ленинграддагы мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.
1972-жылы Фёдор Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде театрдагы дебюттук ролун аткарган. Өзүнүн тасмадагы алгачкы ролун Боярский мектепте окуп жүргөн кезинде эле кыска метраждуу "Ширенке силерге оюнчук эмес" тасмасында ойногон.
1974-жылы Василий Паскарунун "Көпүрөлөр" тасмасында роль жараткан. Ал эми актёрго чыныгы атактуулукту "Улуу бала" аттуу 2 сериядан турган тасма алып келген. Аталган тасмада актёр башкы ролдордун бирин аткарган. 1978-жылы "Д’Артаньян жана үч мушкетёр" тасмасына тартылып, жылдызы жанган.
Михаил Боярский Орусиянын маданиятына кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлык, наамдарга ээ болуп, 1984-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамына арзыса, 1990-жылы Эл артисти наамын алган.
Тасмада роль жараткандан кийин белгилүү театр режиссёрлору актёрдун талантын байкап Боярскийге "Трубадур жана анын достору" мюзиклинде башкы ролду сунушташкан. Бул спектаклде ханбийкенин ролун жаш актриса Лариса Луппиана аткарган. Белгилүү жубайлар ушул жакта таанышып калып, кийин Луппиана менен Боярский баш кошушкан. Жубайлар бир кыздуу жана уулдуу болушкан. Кызы Елизавета атасынын жолун жолдоп актрисалык кесипти аркалаган.
Анын XXI кылымда тартылган тасмалары болуп "Жаңы бремендиктер", "Акмак", "Тарас Бульба", "Мушкетёрлордун кайтып келүүсү", "Пётр Биринчи. Мурас", "Шерлок Холмс", "Эң мыкты күн" жана башкалар эсептелет. Боярский телевидениеде дагы иштеген. Алсак, залкар артист Юрий Никулин дүйнөдөн кайткандан кийин "Белый попугай" телеберүүсүн алып барган. Ошондой эле ал "Домино", "Боярский двор" берүүлөрүнүн автору. Ырчынын репертуарында 400гө жакын ыры бар, алардын көбүнүн сөзү өзүнө таандык болуп эсептелет.
26-декабрдын жылнаамасы.