Бири-биринен кол үзгөндүгү айтылып жүргөн Шакира менен Жерар Пике бул маалыматты жокко чыгарышты

Ушул жылдын октябрь айында чет элдик басылмалар 7 жылдан бери бирге жүргөн таттуу түгөйлөр футболчу Жерар Пике менен ырчы Шакиранын кол үзгөндүгүн жазып чыгышкан.

"Түгөйлөрдүн бири-биринен кол үзүүсүнө кызганыч себеп болгон. Шакира өзүнүн акыркы клибине ырчы Ники Жемди тарткан. Буга чейин Никиден ашыгын кызганып келген футболчуга бул жаккан эмес. Жай айларында Пике сүйүктүүсүнө баш кошууну пландап жатканын интервьюларынын биринде айткан, бирок анын бул максаты ишке ашпастан, түгөйлөр 7 жылдан бери жарандык никеде жашашкан. Ырчы Барселонадан жаңы үй сатып алып, бир нече ай мурун ал жакка көчүп кеткен", - деп жазылган маалыматта.

Бирок мындай кептер тараган соң түгөйлөр кол үзүшкөнүн четке кагып, социалдык тармактагы баракчаларына чогуу түшкөн сүрөттөрүн жүктөп башташкан. Ошентсе да көптөр алар бул сүрөттөрдү жөн гана талкуудан алыс болуу үчүн жүктөшүүдө деп баалашкан. Ал эми жакында эле Нью-Йорктогу папараццичилер түгөйлөр балдары менен бирге Жон Кеннеди атындагы эл аралык аэропорт жакта жүрүшкөнүн тартып алышкан. Сүрөттөрдөн төртөө тең чогуу басып, бактылуу турушканын көрүүгө болот. Камераны байкаган Шакира жылмаюуга да жетишкен.

Белгилей кетсек, ырчы менен футболчу Шакиранын "Waka Waka" аттуу ырына клип тартып жаткан учурда таанышкан. 1 жылдай сүйүү мамилесин жашырып жүргөн ашыктар кийин ачыкка чыгышкан. 2013-жылы түгөйлөр Милан аттуу уулдуу болушкан. 2 жыл өтүп 2-уулу Саша төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aksuu_aduk
2017-12-26 10:07:38
Бактылуу эле болушсун бул тугойлор.
+2
FCBMESSI
2017-12-26 11:38:05
Эль классикодогу Пикенин оюнун коруп кайра суйуп калганго))
+3
FIFA7
2017-12-26 19:48:03
Пикенин бою сапсим узунго).
+1
Kojosh80
2017-12-26 22:43:55
1.93 бою
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан