Бүгүн, 26-декабрда белгилүү фольклор ырчысы, "Маржан" жана "Эл ырчысы Эстебес" топторунун мүчөсү Эльзар Өскөнбаева кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы өзү SUPER.KG порталына сүйүнчүлөдү.
"Бүгүн эртең менен саат 9:50дө кыздуу болуп, кубанычым коюнума батпай турат. Жолдошум экөөбүз мындан 4 жыл мурун Эмир аттуу уулдуу болгонбуз. Анда төрөтүм оор болуп, көпкө кыйналып калгам. Бул ирет андай болгон жок. 2 сааттай толготтум, бирок жеңил эле өтүп кетти. Жолдошум менен курбу кызым жанымда болушту. Кызымдын салмагы 3 килограмм 400 граммды түздү. Азырынча ат тандай элекпиз. Ысымын атасы ыйгарат", - дейт ырчы.