Бүгүн, 26-декабрда өлкөбүздөгү кинотеатрлардын биринде боордош казак эли тарткан "Зор" кинотасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Ага фильмде башкы каармандын образын аткарган бардык актёр-актрисалар, кинонун режиссёру Эркебулан Молдашов жана Нурлан Насип, Асел Кадырбекова, Каныкей баштаган кыргыз шоу чөйрөсүндөгү көрүнүктүү жылдыздар катышты.
Тасма колледжде окуп, аны менен катар спорт менен машыгып, кайрымдуулук менен алектенген жаштар тууралуу. Фильмдин жүрүшүндө башкы каармандар Марлен менен Айдын бир кызды жактырып калып, анын айынан көптөгөн сыноолорду баштан кечиришет.
Белгилей кетсек, аталган тасмада кыргыз ырчылары Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Ашык болуу" ыры саундтрек катары колдонулган.