Түндө Кара-Буура районунда катуу шамал катталды

Бүгүн, 27-декабрга караган түнү Талас облусунун Кара-Буура районунда катуу шамал катталган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматчысы Элмира Шерипова билдирди.

"Болжол менен түнкү саат 3:00 чамасында Кара-Буура районунда ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жеткен шамал катталган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, шамал чынында эле катуу болгон. Азыркы учурда ӨКМнын кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Азырынча шамалдын кесепетинен жабыр тарткандардын саны аныктала элек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Omurbek998
2017-12-27 10:32:36
Кербен шаарында дагы катуу шамал болду туну
0
Nanei
2017-12-27 12:15:47
Кара буурада аяьай катуу шамал болду. Биринчи корушум ушундай шамалды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан