"Түндүк электр" ишканасы: "Талас жана Чүй облусундагы авариялык өчүрүүлөр кечке чейин калыбына келтирилет"

26-декабрдан 27-декабрга караган түнү калың кар түшкөндүгүнө байланыштуу "Түндүк электр" ишканасы тарабынан Чүй облусундагы Токмок шаарынын, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Москва, Панфилов райондорунда жана Талас облусундагы Манас, Кара-Буура райондорунда электр жарыгы өчүрүлгөн. Аталган ишкананын директору Искендер Кадыркулов авариялык өчүрүүлөр кечки убакытка чейин кайра калыбына келтирилерин Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Аламүдүн районунда эле 25 авариялык өчүрүү болду.

"Өзүңүздөр билгендей, 26-декабрь күнү жамгыр жаап, андан кийин кар жаагандыктан электр зымдарына муз тоңуп калган. Катуу шамал болгондо электр зымдары үзүлүп кеткен учурлар катталды. Учурда ар бир райондо өчүрүүлөрдү калыбына келтирүү боюнча бригадалар иштеп жатат", - деди Кадыркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Hanzada.sabih
2017-12-27 12:38:22
Дагы кышка даярбыз деп коюшат?!ушулбу даярдыгынар?бир аз кар кобуроок жааса очуп калдыго,мындан калын жааса бутундой Кыргызстан жарыгы жок отурса керек!
-2
realliver
2017-12-27 13:44:34
Hanzada.sabih,кызыксыз го, мондай оор карга узулот да любой зым. Эмне ар бир зымдын устуно крыша жаап чыгышсынбы эми
+3
dina
2017-12-27 14:05:43
realliver,)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан