SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу "Жарайт сити" долбоорунун жигиттери. Тактап айтканда, жаш стендапчы, "тамашоучу" жана актёр, ТНТ каналындагы "Comedy Баттл" шоу берүүсү аркылуу калың элге таанылган Мыктыбек Мукаев (Мыкы) жана көпчүлүк элге мурутчан агайдын образы менен эсте калган жаш актёр Нурсултан Курсанали уулу конокто болушат.
Таланттуу жана тамашакөй жигиттерге арнаган жылуу сөздөрүңүз же мыкты суроолоруңуз болсо түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Жигиттер суроолорго бүгүн саат 15:00дө баштала турган түз эфир учурунда жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
15:08 "Жарайт сити" долбоорунун жигиттери SUPER.KG`нин Түз эфирине кечигүүдө.
15:12 "Жарайт сити" долбоорунун жигиттеринин түз эфирдеги маеги башталды. Жигиттер алып баруучу даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.
15:15 "Күлкү чагылдырууда жашоодон алынган окуяларды колдонобуз. Кээде гана "апыртып" коюшубуз мүмкүн", - дейт Мыкы.
15:18 "Быйыл "Жарайт сити" долбоорунун акыркы сезону тартылды. Мындан ары бул долбоор токтоп, ордуна жаңы долбоордун үстүнөн иштейбиз", - дейт Нурсултан Курсанали уулу.
15:20 "Менин аткарган образдарыма карата кээ бирөөлөр агай дешсе, айрымдар МАИ кызматкери катары кабыл ала беришет. Ошондой эле жасалма мурутумду чыныгы мурут деп ойлогондор да жок эмес", - дейт мурутчан агайдын образы менен таанылган Нурсултан.
15:26 Окурмандын "Чет элдик долбоорлордон көрө алабызбы?" деген суроосуна "Албетте, "Жарайт ситини" жыйынтыктап алсак анан чет жактарга чыгууга аракет кылабыз. Буга чейин Нурсултан экөөбүз тең "Comedy Баттл" шоу берүүсүнө катышып келгенбиз", - дейт Мыктыбек Мукаев.
15:30 "Долбоорго катышып жүрүп, аткарган каармандарыбыздын айрым адаттарын "жуктуруп" алдык. Мисалы, Нурсултан калп күлгөндү үйрөндү", - дейт Мыкы күлүп.
15:35 "Акыркы чыгарылышта кинолорго пародия тартканбыз. Ошол абдан оор болду. 1 мүнөттүк скетч-шоуну тартуу үчүн 3-4 күн талап кылынды. Ал эми айрым скетч-шоуну 1 сааттын ичинде эле тартып коёбуз", - дейт жигиттер.
15:40 Окурмандын "Эл эмне дейт?" жана "Жарайт сити" долбоорунун ортосундагы атаандаштык тууралуу берген суроосуна, "Экөө тең бир команданын долбоору. Андыктан эч кандай атаандаштык жок. Дайыма чогуу жүрөбүз, тойлорго чогуу барабыз. Бизге тартылган актёрлор "Эл эмне дейтке" тартылышат. Анан кантип атаандашмак элек? Ошондой эле ал кыргыз тилдүү, биздики орус тилдүү долбоор", - дейт Мыктыбек Мукаев.
15:45 Суроо: Мыкы, сен мурунку маектериңде кыз издеп жүрдүң эле. Андан бери кат жазган кыздар көбөйсө керек?
"Ооба, чынында эле ошондон кийин кат жазган кыздардын саны абдан көбөйдү. Азырынча татыктуу кыз таба элекмин. Балким, таптым, аны айткым келбейт", - дейт Мыкы. Ал эми Нурсултан Курсанали уулу "Менин сүйгөн кызым бар. Аны менен сүйлөшүп баштагандан бери мага эч ким тийишпей калды", - деп кошумчалады.
15:52 Суроо: Нурсултан, сенин иниң да долбоорго тартылып жүргөн. Ага байке катары кандай кеңештериңди бересиң?
"Ал да мага окшош КВНде ойноп баштаган. Бирок окуусу начарлап кеткендиктен КВНди таштап, окууңа көңүл бур деп кеңеш бергем. Кийин "Жарайт ситиге" мага окшош киши керек болуп тартылып калган. Жакшы кеп-кеңештерибизди аябайбыз", - дейт Нурсултан.
15:56 "Ата-энем айылда турушат. Атам уста, апам үй кожойкеси. 6 бир тууганмын", - дейт Мыкы. Ал эми Нурсултан, "Ата-энем Бишкекте турушат. Экөө тең мугалим. Мен үй-бүлөм менен чогуу турам. Улуу болгонума карабай эркемин", - деди.
16:00 "Жарайт сити" долбоорунун жигиттеринин SUPER.KG`нин Түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.