Чүйдө дискотека уюштурган 50гө жакын окуучу түтүнгө ууланды

Чүй районунда дискотека уюштурган мектеп окуучулары түтүнгө ууланды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Назира Имангазиева билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-декабрда Исаев атындагы орто мектептин 7-8-классынын окуучулары электр жарыгы жок болгондуктан мектептин спорт залында электр жарыгын чыгаруучу генератордун жардамында дискотека уюштурушкан. Саат 17:00гө карата генератордун түтүнүнө ууланган 50гө жакын окуучу ооруканага кайрылган.

"Учурда дарыгерлерге кайрылган окуучулардын абалы туруктуу. Бул факт боюнча териштирүү иштери башталды. Учурда Чүй ОИИБинен жана райондук ички иштер бөлүмүнөн ыкчам тергөө тобу чыгып, окуя болгон жерде териштирүү иштери жүрүүдө. Бул боюнча кошумча маалыматтар териштирүүнүн жыйынтыгы менен берилет", - деди Имангазиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
raykray
2017-12-27 20:56:06
7-класс
0
Nanei
2017-12-27 21:41:25
Бащка учурда мугалимдер талабын талашат элем дайыма,бул жерде болсо точно мугалимдер куноолу.мектепте свет жок болсо кетириш керек болчу ээнбаш балдарды уйуно. 7эле класс экенго. Бир жагынана генератор татырактап жатса ,кантип музыка угуп бийлешет???ээнбаштык
-1
bakulya2015
2017-12-27 23:35:48
Nanei,бир эсепте сиздин айтканынызда туура. Бирок антип уюштурбай жиберсе дагы ар кандай жолдорго барат экен балдар шаардагы клубтарга барышат айтоор ушундай. Бирок ата-энеда козомолдош керек кобуроок.
+2
Baiana
2017-12-27 23:00:55
Жаңы жылдын кесепети .
+1
Nanei
2017-12-28 10:48:21
Baiana,жаны жыл эмей эле ,адамдардын шалакылыгы,тутунду чыгарып алып ким дискотека жасайт???
0
Arstan
2017-12-28 07:27:25
Кайсы башы менен генераторду залдын ичине коюшту,сыртка коюш керек андай нерсени.50адамдын исинен бир акылдуу чыкпаптырбы ошону ойлогон
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан