Буга чейин "Forbes" журналы 2017-жылы киностудияларга эң көп киреше алып келген атактууларды аныктаса, бул жолу өздөрү эң көп каражат тапкан актёр жана актрисалардын тизмесин жарыялады.
Маалым болгондой, аяктап бара жаткан жылы көп киреше тапкан актёрлордун сап башын Вин Дизель ээлеген. Ал бул жылы тартылган тасмаларынан 1,6 миллиард доллар киреше тапкан. Андан соң аталган актёрдун "Форсаж 8" тасмасындагы өнөктөшү Дуэйн Жонсон 1,5 миллиард доллар кирешеси менен 2-орунду багындырган. Алдынкы үчтүккө кирген актриса Галь Гадот, анын 1 жылда тапкан каражаты 1,4 миллиард долларга жеткен.
4-орун: Эмма Уотсон (1,3 миллиард доллар)
5-орун: Жонни Депп (1,1 миллиард доллар)
6-орун: Дэйзи Ридли (1,08 миллиард доллар)
7-орун: Том Холлэнд (888 миллион доллар)
8-орун: Крис Пэтт (864 миллион доллар)
9-орун: Крис Хемсворт (845 миллион доллар)
10-орун: Жон Бойега (815 миллион доллар).