ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2017: Көптүн талкуусуна түшкөн кызматтык дайындоолор

2017-жылы өлкөдө кызмат ордун 3-4 жолу алмаштырганга жетишкен аткаминерлер, чуулгандуу дайындоолор орун алды. SUPER.KG узап бараткан жылда көптүн талкуусуна түшкөн кызматтык дайындоолорду сунуштайт.

Бир жылда бөлүм башчылыктан өкмөт башчылыкка чейин жеткен кызматтык секирик

2017-жыл Сапар Исаков үчүн чоң жоопкерчилик артылган жыл болду. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн акыркы алты жылдан бери жетектеп келген Исаков жыл башында, 31-январь күнү президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары кызматына көтөрүлгөн. Бир айдан ашык убакыттан кийин анын кызматтык даражасы дагы жогорулап, президенттик аппараттын башчысы болгон. Сапар Исаковдун кызматтык карьерасындагы өзгөрүүлөр көпчүлүктү күзүндө өткөн президенттик шайлоого барат деген ойго түрткөн. Андай болбой калса да, дал ушул президенттик шайлоо анын жогорку мамлекеттик кызматка барышына жол ачты. Сапар Исаков 26-августта Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп дайындалган.

Фарид Ниязов жыл башындагы кызматына кайра келди

Узап бара жаткан жылда Фарид Ниязов кызмат алмаштыргандардын сап башында болду. Ал 2015-жылдын 7-октябрынан 2017-жылдын 1-мартына чейин президенттин аппарат жетекчиси болуп иштеди. Жылдын 1-мартында өзүнүн кызмат ордун Сапар Исаковго бошотуп, 1-марттан 3-июнга чейин президенттин кеңешчиси болуп эмгектенди. Өмүр таржымалында 3-июндан 23-ноябрга чейин президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси деп көрсөтүлгөнү менен, Ниязов бул убакытта учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген. Ал эми 2017-жылдын 1-декабрында кайра президенттин кеңешчиси кызматына кайтып келип, 10 күн иштегенден кийин президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды.

Өлкөнү өнүктүрүүгө бир кресло жетишпейби?

Жыл аяктап жатканда кыргыз өкмөтүндө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. 1-декабрда Конституцияга киргизилген өзгөртүү күчүнө киргени өкмөттөгү жогорку кызматка бара турган депутаттарды тымызын кубантты. Анткени депутаттарга эки креслодо отурууга жол ачылды. 6-декабрда ушул жобо менен Жогорку Кеңеш Аскарбек Шадиевди биринчи вице-премьер-министр кызматына шайлады. Шадиев эми бул кызматта депутаттык ордун сактай алат. Ал эми өкмөттөн 40 миң сомдун тегерегинде маяна төлөнөт. Бул кызматтык дайындоо социалдык тармактарда кызуу талкууланды.

Толкунбек Абдыгулов өкмөткө барып, кийин Улуттук банк төрагалыгына кайтты

Толкунбек Абдыгулов бир жылда өлкөдөгү үч жогорку кызматты жетектегенге жетишти. Ал 2014-2017-жылдары Улуттук банктын төрагасы болуп иштеди. Анын аты саясий чөйрөдө марихуананы мыйзамдаштыруу боюнча айткан тамашасынан кийин көбүрөөк белгилүү болду. Абдыгулов Сапар Исаков сунуш кылган жаштардын курамынан турган өкмөттүн ишенимдүү кадрларынын бири катары сунушталып, 2017-жылдын августунда биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган. Бирок өкмөт кадрдык өзгөртүүлөрдү жасай турганын айтып, 2017-жылдын 23-ноябрында Абдыгуловду кайра бир тепкич төмөн кызматка, тагыраагы, вице-премьер-министрликке түшүргөн. Абдыгулов бул кызматта толук бир ай да иштеген жок. Аны кайра Улуттук банктын төрагалыгына кайтаруу маселесин Жогорку Кеңеш 21-декабрда жактырды. 5 айда үч жолу кызматын алмаштырган Абдыгулов банк тармагына кайтуу сунушу президент тарабынан түшкөнүн билдиргени менен, депутаттар аны сынга алып бийликтин "эрке баласы" атаган.

Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. Зилалиевдин бомба чуусу

Дүйшөнбек Зилалиевдин ысымы узап бараткан жылда чуулгандуу окуяларга байланыштуу көп аталды. Ал 2016-жылдан 2017-жылдын август айына чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп турган учурда Чехиядан келген "Liglass Trading" компаниясы менен түзгөн келишими боюнча чууга кабылды. Ал эми жылдын август-ноябрь айларында Зилалиев вице-премьер-министр кызматында шайлоолорду өткөрүү боюнча башкы штабды жетектеп туруп, Баткенде бийликтин талапкерине үгүт жүргүзгөнү тууралуу маалыматтар тарап, Зилалиевдин аты кайрадан талкуулардын чордонунда калды. Ноябрь айынын башында анын отставкага кеткени кабарланган. Көпчүлүк бул көрүнүштү Зилалиевдин шайлоодогу кыймыл-аракетине берилген баа катары мүнөздөшкөн болчу. Бирок 10 күн өтпөй 23-ноябрда ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалган. Бул кызмат Зилалиев үчүн узакка созулган жок. Ал кызматка дайындалгандан бир күндөн кийин, 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун расмий кызматка киришүү салтанаты өтүп жаткан учурда курсант кызга бомба тууралуу маалымат берген деп кылмыш иши козголгон. Зилалиев өзү бул айыптоолорду четке кагып, курсант кызга форма тууралуу айтканын билдирип келет. Бул окуядан кийинки коомдук талкуулар Зилалиевди тергөө иштери аяктаганга чейин кызматтан кетүүгө түрттү.

Майлуу кызматтардан түшпөгөн Кулматов мурдагы кызматына кайтты

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго 2016-2017-жылдары Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп иштеди. Бирок коомчулук тараптан, ошол эле Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Кулматовдун аталган фонддогу ишмердүүлүгүнө көп нааразычылыктар айтылды. Ал бул кызматта канча маяна ала турганын "коммерциялык сыр" деп атаганы менен, коомчулукта анын эмгек акысы 15 миң доллар түзөрү айтылып, кызуу талкууларга жем таштаган. Сентябрь айында анын талапкерлиги Улуттук банктын төрагалыгына сунушталып жатканда депутаттардын сөзүнөн улам Кулматов "мени эрке бала деп айткандар туура эмес айтат" деген. Ал сентябрь айында Улуттук банктын төрагасы болуп бекитилген. Бирок үч айдан кийин эле 11-декабрда кайра Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. Белгилей кетсек, Кулматов 2010-2013-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы болуп иштеп турган.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан