Сапар Исаков дарыялардагы шагылдарды колдонууга тыюу салуу боюнча тапшырма берди

Премьер-министр Сапар Исаков 28-декабрда мамлекеттик органдарга дарыялардын нугундагы же жээктериндеги, ошондой эле башка көлмөлөрдүн участкаларындагы кендерге лицензияларды берүүгө тыюу салуу жана мурда берилген лицензияларды кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү туурасында тапшырма берди. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, Исаков дарыя нугундагы шагылды казуу экологияга, экономикага жана өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратып жатса, иштер улантылбашы керек деп белгиледи.

Анын тапшырмасына ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция дарыя жээктериндеги жана суу жайылмаларындагы коркунучтуу участкаларды аныктап, тийиштүү чараларды көрүү үчүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине сунуштарын бериши керек.

Мындай чечим айлана-чөйрөгө, калктын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле дарыянын нугундагы, жээктериндеги жана башка көлмөлөрдөгү кендерди иштетүүдөн келип чыккан адамдык курмандыктарды болтурбоо үчүн кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан