Бүгүн, 29-декабрь күнү унаа тыгындарын жоюу, жол тазалоо иштерин жүргүзүү максатында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 04:30да бардык унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, кечээ, 28-декабрь күнү да саат 16:30да оор жүк ташуучу унааларга, саат 22:00дө жеңил унааларга ушундай эле максатта Жайыл районундагы "Сосновка" өткөрмө жайында чектөө киргизилген. Бирок жеңил унаалар үчүн коюлган чектөө кайрадан 29-декабрында саат 00:50дө алынган.
Белгилей кетсек, 27-декабрда калың жааган кардан улам Жайыл районундагы "Сосновка", Токтогул районундагы "Арал", Талас облусунун "Өтмөк" ашуусундагы посттор жабылып, Бишкек-Ош унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилген. Мындан улам посттордо кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 600дөн, жеңил унаалардын саны 400дөн ашкан эле.