Бишкек-Ош автожолуна киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Бүгүн саат 08:45те Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун "Арал" постунда жеңил жана оор жүк ташуучу унаалар үчүн коюлган чектөө алынган. Азыркы учурда жеңил жана оор жүк ташуучу унаалар 500 метр аралык менен өткөрүлүүдө", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Айта кетсек, таңга маал саат 04:30да унаа тыгындарын жоюу, жол тазалоо иштерин жүргүзүү максатында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда бардык унаалар үчүн чектөө киргизилген болчу.
Буга чейин 27-декабрда калың жааган кардан улам Жайыл районундагы "Сосновка", Токтогул районундагы "Арал", Талас облусунун "Өтмөк" ашуусундагы посттор жабылып, Бишкек-Ош унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилген. Мындан улам посттордо кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 600дөн, жеңил унаалардын саны 400дөн ашкан эле.