Кыргыз өлкөсүндө эр жүрөк аялдын окуясын баяндаган индиялык тасма тартылып бүттү

Кыргыз өлкөсүндө "Torbaaz" деп аталган индиялык блокбастер тартылып бүттү. Бул тууралуу фильмди тартууда жана актёрлорду табууда индиялык кино жаратуучулар менен кызматташкан "Кыргыз кастинг" агенттиги SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, тасманы тартуу иштери ушул жылдын декабрь айында аяктаган. Ал эми тасма көрүүчүлөргө 2018-жылы тартууланат.

Бул фильмде башкы ролдорду Болливуд жылдыздары Санжай Датт менен Наргис Факхри жана кыргыз актёрлор жараткан.

Тасмада согуш жүрүп жаткан мезгилде балдарды жан кечти кылууга даярдап жаткан жерден аларды куткарып чыккан бейөкмөт уюмунда иштеген аялдын окуясы баяндалат. Кино Бишкек, Токмок шаарларында жана өлкөнүн түштүк аймактарында тартылган.

Тасманы тартуу үчүн болжол менен 4 миллион доллар сарпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Baiaman07
2017-12-30 11:59:27
Муннабайго бул хехе
+2
Amai
2017-12-30 12:14:09
Муннабай бул зор актёр
+2
Shekeev969798
2017-12-30 12:14:26
Кыргыздар деле оздору тартса болот эле аскердик кино "Чек ара"
0
nuri1
2017-12-30 12:47:25
Бизде дагы ушул сыяктуу кинолорду тартса жакшы болмок. Эр журок аялдар бизде деле абдан коп.
Кобунчо комедия кинолорго басым коюп жататышат. Негизи мааниси жакшы тартылган кинолордун коом учун тарбиясы ото чон. Коп онуккон олколор АКШ, ЕВРОПА жана чыгыш Азия олколору Япония, Кытай, Кореяга окшогон олколор жакшы фильмдер аркылуу оздорунун маданиятын жакшы жака бурушкан.
0
Alixan-Nookat.2015
2017-12-30 12:54:19
Бизде тамашоунун балдары кинонун баркын кетиришти
+4
kuba.kq8705
2017-12-30 14:16:58
4 миллион долларлык кино тартыш учун кыргызстанга дагы 30 жыл бар
+2
kechirmeni
2017-12-30 15:00:11
Вроде жакында эле баштагандай болушту эле го
0
Samina007
2017-12-30 15:19:53
Баарынан өкүнүчтүүсү кыргыз жерибизди ооганстанга айлантканы жакшы болбодууу.тоолорубузда ырдап чоордоп эле тартышса болмок.
+1
Topchubai
2017-12-31 01:31:52
Орусча аталышы кандай болот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан